Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский элге кайрылуу жасап, Украина оор тандоонун алдында калганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Украина оор учурду баштан кечирип жатканын билдирди.

"Азыр Украинага катуу басым жасалып жатат. Өлкө ар-намыстан айрылуу же негизги өнөктөшүн жоготуу коркунучу сыяктуу өтө татаал тандоонун алдында калышы мүмкүн. Же татаал 28 пункт, же катаал кыш", — деди ал Telegram каналына жарыяланган видеокайрылуусунда.

Зеленский АКШ сунуштаган тынчтык планын альтернативалык вариант менен толуктоого аракет кыларын айтты. Ал Вашингтондун ролун "негизги өнөктөш" деп атап, Украина АКШ менен "тынч иштөөнү" көздөй турганын, жүйөлөрүн келтирип, америкалык демилгени европалыктар менен талкуулай турганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, кыска убакыт ичинде Киевден жооп талап кылынат, алдыдагы жума "өтө татаал жана окуяга бай" болмокчу.
Мындан тышкары, Зеленский айланасындагы коррупциялык жаңжалдан улам Жогорку Радада жаралган бөлүнүүнү токтотууга аракет кылды. Ал парламенттеги абалды "саясий оюн" деп сыпаттаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Зеленский АКШнын планын жактырбаса согушту уланта берсин