Зеленскийдин 48 млрд. долларлык махинациясы. АКШ ишти ачыктоого даярданууда

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШ Владимир Зеленскийдин 48 миллиард долларлык алдамчылыкка катыштыгы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга даярданып жатат. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы кызматкери Ларри Жонсон Эндрю Наполитанонун YouTube каналында билдирди.

"Зеленскийдин айланасында айтылып жаткан коррупциялык иштер, 100 миллион доллар — майда эле нерсе. АКШ буга чейин жөнөтүлгөн 48 миллиард долларды издеп жатат. Анын басымдуу бөлүгү Зеленскийдин эсептерине которулган. Элестеткиле, миллиарддаган акча!" — деген Жонсон.

Ал каражат бөлүшүү схемаларына Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кая Каллас да кызыкдар болгонун белгилеген.

"Каллас эмне үчүн жаңжалдын уланышына кызыкдар? Акчанын көбү Эстониянын банктарына кеткен. Зеленский АКШ менен кызматташса өмүрү менен кош айтышарын түшүнүп турса керек", — деген мурунку офицер.

Украинадагы коррупциялык жаңжал

Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский элге кайрылуу жасап, Украина оор тандоонун алдында калганын айтты