УКМК кызматкеримин деп элди 3 млн. сомго алдап кеткен. Шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеримин деп элдин үч миллион сомун алдап алып кетүүгө шектелген Н.Х.А. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Анын жабырлануучуларга "кылмыш ишин козготпой маселени чечип берем" деп убада берип келгени айтылды. Мындан тышкары, акчасын кайтарууну талап кылгандарга "пара бердиң" деп кылмыш ишин козгой турганын айтып коркуткан.
УКМК бул адамдан жабыр тарткандар болсо 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү.
Чет жактан 200 студент мыйзамсыз которулган. КМТУнун доценти кармалды