БИШКЕК, 22-Ноя. — Sputnik. Агартуу министрлиги менен "Тармактык тамактануу институту" автономдуу коммерциялык эмес уюму мектептеги окуучулардын тамактануусун жакшыртууну макулдашты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында кабарланган.
Документке аталган уюмдун президенти Владимир Чернигов жана агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев КМШнын II эл аралык форумунда кол койгон.
"Келишимге ылайык, тараптар өлкөдөгү балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүшөт. Алар нормативдик-укуктук базаны жаңылоо, стандарттарды жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү, кадрлардын квалификациясын көтөрүү жана окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө сыяктуу өңүттөрдү камтыйт. Ошондой эле мектеп тамактануусуна байланыштуу эл аралык тажрыйба менен мыкты практикаларды алмашуу дагы күчөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.