БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас аймагында 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 13…18, Ысык-Көл, Нарын жергесинде 5...10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 13…15, Ош шаарында 15…17 градуска чейин көтөрүлөт.