Бийлик уюшкан кылмыштуулукка каршы катаал чараларды камтыган мыйзам сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президенттик администрация уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы катаал чараларды камтыган мыйзам долбоорун сунуштады. Документ коомдук талкууга илинди.
Мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин УКТга карата колдонулган беренелери катаалдашат, айрымдары өзгөрүп толукталат. Мындай чара УКТны жоюу, алардын идеологиялык жана каржылык базасын түп-тамырынан кыркууга багытталган.
Мыйзам долбоорундагы негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөр:
Кылмыш-жаза кодексиндеги "Каражатты адалдоо", "Уюшкан топ түзүү", "Кылмыштуу коом түзүү" беренелерине туура келген кылмыштуу аракеттер мөөнөтсүз каралат. Башкача айтканда, эскирүү мөөнөтү деген болбойт;
УКТ боюнча түшүнүктөр мыйзам менен так аныкталып, укук коргоо органдары үчүн бирдиктүү стандарт түзүлөт. Мисалы, уюшкан кылмыштуу топ — алдын ала бириккен туруктуу топ. Ал эми кылмыштуу коом — бир нече топту бириктирген, кылмыш иштерин координациялаган түзүм катары так көрсөтүлөт.
тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана ыйгарым укуктуу органдарга тоскоолдук кылгандарга катаал жаза каралат. Кылмыштуу топтордун тергөөгө кийлигишүүсү, кысым көрсөтүүсү, жалган маалымат таратуу, мүлкүн өрттөө же курал колдонуу сыяктуу аракеттери үчүн жоопкерчилик жогорулатылат;
адвокат, прокурор же тергөөчү УКТнын кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалаган учурда өзүнчө кылмыш курамы киргизилет. Кызматтык абалын пайдаланып УКТнын кызыкчылыгын көздөп кылмыш жасагандaрга да өзгөчө катуу жоопкерчилик каралат.
Президенттик администрациянын тапшырмасы менен Намыс кодекси иштелип чыкты