Европага болгон кандуу жол анда азганактай студенттердин ЕБ менен бириге турган иштердин токтошуна каршы нааразылыкка чыгышы менен салынган. Бир нече күндүн ичинде оңчул радикалдарга ыктаган топ чакан митингди калайманга айландырып, жапырт башаламандык болуп, андан соң өзүнө окшогондорду ошондой эле күч колдонгон жол менен бийликке алып келишти.
Учурда Украина ошондо айтылган "бакубат жана телегейи тегиз европалык үй-бүлөгө" кошула албай азабын жеп отурат. Киевдин аймагын куралга шыкаган "санаалаш достору" Украинаны ЕБ менен НАТОго киргизебиз деп тил эмизип келе жатат.
Батыш тушуктурган Украинанын куту учкан күндөрү уланууда...