Такси айдагандарга лицензия алуу мөөнөтү узарды. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Таксилердин лицензиясынын бар-жогун текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылганын ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин аталган кызматка таксичилерден лицензия алуу үчүн узун кезек жаралып, мурда айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.
ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрткөн:
эми ЖКККББнин бардык бөлүмдөрү ишембиде да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскармакчы;
2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт.
Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме (Информационная система заказа такси) аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи.
Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейт.
Пресс-борбор
Такси кызматын мыйзамсыз көрсөткөндөр Telegram-каналдар аркылуу да аныкталат