Радио

Сыдыков: медиация түшүнүгү кыргыздын өзөгүндө болгон

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жаңы кабыл алынган "Медиация жөнүндө" мыйзамы тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Бүгүнкү күндө өлкөдө 300дөй медиатор бар, 2017-жылдан бери 1300 гана иш каралган. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соттошкон бир туугандардын, жакындардын ортосунда медиация институту данакерлик ролду ойнойт.

"Медиация — бул латын тилинен которгондо "ортомчу", "арачы" дегенди билдирет. Медиатордун көмөгү менен чыр-чатакты жөнгө салуу жол-жобосу болуп саналат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө медиация институту өнүгүп келе жатат. Бул соттордун иш жүктөмүн азайтуу, элдин убактысын үнөмдөө. Эң негизгиси — жакындардын, бир туугандардын, ата менен баланын, эне менен кыздын талашын ырбатпай, соттук териштирүүлөргө жеткирбей чечүү. Аты башка болгону менен медиация түшүнүгү кыргыздын өзөгүндө болгон. Эл арасындагы калыс, кадыры сиңген, адилет аксакалдар, бийлер талаштуу маселени калыстык менен чечип келген. Бул 19-кылымдагы окумуштуулардын, ошол эле Чокон Валихановдун жазмаларында кездешет," — деди Сыдыков.

Ал медиатор — бул "данакер", "калыс адам" дегенди билдирерин белгиледи.
"Дүйнөлүк практиканы алсак, ар бир өлкөдө ар кандай. Көп учурда юридикалык билими барлар медиатор болот. Биздин мыйзамда 25 жаштан өткөн, жогорку билими бар, 80 сааттан кем эмес базалык кесиптик даярдоодон өткөн адам медиатор боло алат. "Медиация жөнүндө" мыйзамга ушул жылдын 14-ноябрында президент тарабынан кол коюлду. "Медиация жөнүндө" жаңы мыйзам жана медиация чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына (Жарандык кодекс, Кылмыш-жаза, Кылмыш кодекстерине, сот аткаруучулар жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам) комплекстүү түрдө киргизилди. Бул мыйзам декабрдын биринчи жумасында күчүнө кирет. Ал эми милдеттүү медиация боюнча киргизилип жаткан иштер 2027-жылдын 1-январынан башталат. Ага чейин бир топ даярдык иштери бар. Бүгүнкү күндө 300дөй гана медиатор бар. Алгач медиация мыйзамы 2017-жылы кабыл алынып, 2018-жылы гана күчүнө кирген. Бирок 1300дөй гана иш каралган. Бул өтө аз", — деди Сыдыков.
Ал аймактарда медиаторлор жетишпей жатканын кошумчалады.