Майда кылмыштар үчүн балдар соттолбойт. Президент жаңы мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, балдарды сот жоопкерчилигине тартуу нормалары жеңилдеген. Эгер өспүрүм биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасап, күнөөсүн мойнуна алса, иш сотко жетпейт. Анын ордуна бала атайын программага катышат. Белгиленген милдеттерди аткарып, келтирилген чыгымды төлөп берет, психологдор жана камкордук органдары менен иштейт.
Бул чаралардын бардыгы баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн чыгаруу боюнча атайын келишимдин негизинде ишке ашат. Эгер бала анын шарттарын бузса, прокурор макулдашуудагы шарттарды өзгөртүп, программанын мөөнөтүн узартып коё алат. Аткара турган милдеттерди катаалдаштырышы мүмкүн же таптакыр эле келишимди жокко чыгарып, ишти кадимки кылмыш процесси тартибине кайтарышы ыктымал.
Кийин иш сотто каралып жаткан учурда баланын келишимдин шарттарын аткарбай койгондугу акыркы өкүмгө да таасир этери белгиленген.
Мыйзамсыз мүлктү соттун өкүмү чыкканга чейин эле конфискациялоо сунушталууда