БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын тогуз айында экспортко 56,5 миң тонна кум жөнөткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Өлкөдөн кум сатып алгандардын сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат:
Казакстан — 45,1 миң тонна;
Россия — 10 миң тонна;
Кытай — 1,3 миң тонна;
Иран — 33 тонна;
Түркия — 22,3 тонна;
Австралия — 10 тонна;
Зимбабве — 1,6 тонна;
Өзбекстан — 0,5 тонна;
Сьерра-Леоне — 0,2 тонна.
Ошондой эле бир аз көлөмдө Италия менен Кореяга да жөнөтүлгөн.