БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Киев бийлиги элин болуп көрбөгөндөй кысмакка алып Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошууда. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Армиянын катарын толуктоо үчүн зордоп мобилизациялоо күч алды. Бийлик чек араларды жаап, банк эсептерин бөгөттөп, айдоочулук күбөлүктөрдү жаратпай, элди көчөдөн кармап эле жөнөтүп жатат", — деди дипломат.
Небензя Украина Куралдуу күчтөрү абдан чоң жоготууларга учурап, аскер кызматкерлери согуш талаасынан эле качып жатканын белгилеген. Ал эми жай тургундар калкан катары пайдаланылып жатканын чет элдик журналисттер да тастыктоодо.
Небензянын токтолгон маселелери:
Зеленский шаарларынан кол жууганын моюндоого тыюу салып, акыркы жоокерге чейин каршылык көрсөтүүгө буйрук берип жатат;
Батыш ЖМКлары Купянскинин бошотулушун таанууну каалабай, РФ жетекчилигинин аймакка чакыруусуна жооп беришкен жок;
Россия украин эли менен согушкан жок. РФ армиясы Украинанын аскер объектилерине, аларды камсыздаган транспорттук-энергетикалык инфраструктурага гана сокку урууда.