Иран борбор калаасын Тегерандан көчүрүүнү көздөп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Иранда борбор калааны Тегерандан көчүрүү зарылдыгы жаралды. Бул тууралуу өлкө президенти Масуд Пезешкиан Казвин провинциясында эл менен жолугуп жатканда айтканын IRNA кабарлады.
"Бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, аргабыз калбай калды, борборду көчүрүү зарылдыкка айланды", — деген мамлекет жетекчиси.
Анын айтымында, буга суунун тартыштыгы себеп. Президент шаар калкынын өсүп жатканы кошулса гуманитардык апаатты шарттай турганын белгилеген.
Быйыл мартта эле Хорасан-Резави, Йезд, Исфахан жана Тегеран провинцияларында суу кризиси катуу болду. Дарыялар, көлмөлөр жана суу сактагычтар кургап бара жатат.
Пресс-борбор
Жунушалиев: Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планында реновация каралган эмес