Эртеңден тарта Бишкекте футболдун U-17 Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Эртең, 22-ноябрдан тарта, Бишкекте U-17 жаштар футболунун 2026-жылкы Азия кубогуна тандап алуу оюндары башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана "Достук аренада" өтөт.

"Биздин улуттук курама B тайпасында беш курама команда менен күч сынашат. Аларды австриялык адис Александр Бауэр машыктырууда. Тандап алуу оюндарына жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук курама катышкан оюндардын жүгүртмөсү (кирүү акысыз):
Кыргызстан – Йемен (22-ноябрь, саат 15:00);
Кыргызстан – Пакистан (24-ноябрь, саат 19:00);
Гуам – Кыргызстан (26-ноябрь, саат 19:00);
Лаос – Кыргызстан (28-ноябрь, саат 19:00)
Кыргызстан – Камбоджа (30-ноябрь, саат 15:00).
Белгилей кетсек, 2026-жылкы U-17 Азия кубогунун финалы май айында Сауд Арабиясында өтөт. Тандоо оюндарынын жыйынтыгында жети курама жолдомо алат. Быйыл дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын тогуз курамасы автоматтык түрдө катышары белгиленген.
Кыргызстанда футболдук лигалардын аталышы өзгөрдү