БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура 17 жаштагы Айсулууну өлтүргөн канкордун буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судьяны жоопко тартуу үчүн Соттор кеңешине кайрылды. Бул туурасында башкы көзөмөл органдын документинде белгиленген.
Кеңеш маселени бүгүн карап чыгарын айткан. Анда Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. деген Фемида өкүлдөрүнүн инициалдары жазылган.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева 2025-жылдын 27-сентябрында түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп, издөөгө алынган. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Төбө чачты тик тургузган кылмышты мурда соттолгон Кумарбек Абдыров жасаганы аныкталган.
Белгилүү болгондой, шектүү 2016-жылы да киши өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталып 12 жылга кесилген. Бирок ЖМКлардын маалыматына караганда, судьялар анын жазасын жети жылга чейин кыскартып беришкен. 2018-жылы Абдыров мунапыс жана башка себептер менен эркиндикке чыккан. Ал эми чечим чыгарган ошол соттор 2020-жылы коррупцияга каршы чаралардын алкагында кызматтан бошотулган.