Кыргызстанда гроссмейстерлер качан чыгат — өлкөдөгү шахматты ата-энелер сактап келди

Sputnik
Бишкекте Tilenbaeva Chess Center шахмат борборунун 10 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев катышып, борбордун иши, шахматчылардын жетишкендиктери менен таанышты. Кыргызстандык шахматчылардын эл аралык мелдештердеги жетишкендиктери, алгачкы гроссмейстерди даярдоо, шахматтын абалы тууралуу сөз болду.