Министрлик сасык тумоонун күчөгөн учуруна карап кошумча чараларды көрүүдө17 жаштагы Айсулууну өлтүргөн кишинин жазасын жеңилдеткендерди жоопко тартуу каралатКыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн алдыңкы бештигиндеКыргызстан ички дүң продукциясынын өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы беш мамлекетинин катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл менен жолугушуусунда белгилүү болду. Амангелдиев акыркы үч жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 9,0 пайызды түзсө, 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 10,0 пайызга жеткенин белгилеген.Субир Лалл өз кезегинде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн жана учурдагы экономикалык динамиканы баалап, "акыркы төрт жылдын ичинде туруктуу өсүш байкалып" жатканына токтолгон. Ал ошондой эле "2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына киргенин" белгиледи.
Сезондук сасык тумоонун күчөгөн учуру адатта декабрь айына туура келет, Саламаттык сактоо министрлиги стационарлардын жүгүн жеңилдетүү үчүн кошумча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу министр Эркин Чечейбаев тумоологон балдарды көп кабыл алган ооруканаларды кыдырган учурда айтты. Ооругандардын көбү балдар экени маалым. Дарыгерлердин айтымында, балдар көбүнчө илдетти эл көп чогулган жерлерден жана соода борборлорундагы оюн аянтчаларынан жуктуруп алууда. Мындан тышкары, педиатр, инфекционисттердин жетишсиздиги белгиленди.Министр инфекциялык станционарларга амбулатордук шартта жардам көрсөткөн медиктерди тартууну, ооруган балдар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, кезекти узартпоо үчүн бейтаптарды кабыл алуучу кошумча бөлмөлөрдү ачууну тапшырды. Ведомство дене табы көтөрүлүп, жөтөлү күчөп, тамагы ооруп, алы кетип кыйналган бейтап жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылышы керектигин эскертти.
Башкы прокуратура 17 жаштагы Айсулууну өлтүргөн канкордун буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судьяны жоопко тартуу үчүн Соттор кеңешине кайрылды. Бул туурасында башкы көзөмөл органдын документинде белгиленген. Кеңеш маселени бүгүн карап чыгарын айткан. Анда үч судьянын ысымы жазылган. 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 2025-жылдын 27-сентябрында түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп, издөөгө алынган. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Төбө чачты тик тургузган кылмышты мурда соттолгон Кумарбек Абдыров жасаганы аныкталган. Белгилүү болгондой, шектүү 2016-жылы да киши өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталып 12 жылга кесилген. Бирок ЖМКлардын маалыматына караганда, судьялар анын жазасын жети жылга чейин кыскартып беришкен. 2018-жылы Абдыров мунапыс жана башка себептер менен эркиндикке чыккан. Ал эми чечим чыгарган ошол соттор 2020-жылы коррупцияга каршы чаралардын алкагында кызматтан бошотулган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 75 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ22-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрге жетет. 22-ноябрь, ишембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй менен Таласта +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында +13...+18, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +5...+10 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.