Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Эдил Байсалов өлкөдөгү ар бир мектепте музыкалык класс болушу зарылдыгын белгиледи"Саламат жүрөк" долбоорунун алкагында өлкөдө 15 катетеризациялык лаборатория ачылатНоокат, Манас райондорунун акими алмашып, бирине Түлеевдин күйөө баласы дайындалдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Данияр Шейшеканов Оштун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президенттин дубандагы өкүлү бүгүн аны жамаатка тааныштырган. Шейшеканов Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин күйөө баласы экени белгиүү. Буга чейин президенттик администрацияда иштечү. Ал Эмил Чакибаевдин ордуна келди. Мурдагы аким Көк-Жар айылындагы жер сатуу чыры боюнча кармалган. Быйыл жай айларында Бишкек мэриясы 172-контурдагы жер айыл чарба багытында болгондуктан курулуштар мыйзамсыз салынганын билдирген. Түрттүрүү башталганда айылдын жашоочулары жол тосуп чыгышкан. Чакибаев мурда ушул өкмөттү башкаргандыктан кармалган. Ошондой эле өлкө башчы кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Бакытбек Сүйүнбаев Таластын Манас районунун акими болуп дайындалды.
Өлкөдөгү ар бир мектепте музыкалык класс болушу зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өтүп жаткан “Art Dialog” маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку жылдары маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкөнүн бардык аймактарында маданий мекемелердин курулуштары жүрүп, айрымдары жаңыланып, айрымдары капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. “Азыр коомдо агрессия көп. Кайсы жакты караба уруш, пикир келишпестиктер. Мунун себеби руханий тарбиянын жетишсиздиги. Искусство менен чоңойгон, музыкалык билим алган бала – маданияттуу, сабырдуу, интеллекттүү болуп өсөт”, – деди Байсалов. Байсалов мектептердеги музыкалык класстар коомдук абалды жакшыртууда, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
"Саламат жүрөк" улуттук программасынын алкагында өлкөдө 15 катетеризациялык лаборатория (катлаб) ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине билдирди. Министр белгилегендей, анда бейтаптарга коронарография жасалып, зарыл болгон учурда акысыз стент коюлат. Бул мамлекет тарабынан каржыланат. "Азыр Бишкек, Ош, Жалал-Абадда да катлаб бар. Ушул жылы Балыкчы, Талас жана Нарында ишке киргизилет. Бүгүнкү күндө имараттарда ремонттор бүтүп калды, эми жабдуулар орнотулат. Жалпысынан 2030-жылга чейин 15 катлаб борборлорун ачабыз", - деди ал. Эркин Чечейбаевдин пикиринде, эми бейтаптар Бишкекке келип отурбай, өзү жашаган аймактагы облустук, шаардык ооруканаларда стент койдурат.
Токтогулда 14 жаштагы кыз жарым жыл бою зордукталган. Милиция 27, 19 жана 15 жаштагы үч адамды кармады. Жабырлануучунун атасы арызында 3 бала анын кызын быйылкы жылдын июнунан тарта ноябрга чейин зордуктап жүргөнүн билдирген. “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кызга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.