Билим берүү министрлиги 406 мамлекеттик бала бакчанын директорлук кызмат ордун толтурууга конкурс жарыялады. Аткаруучу директорлор талап кылынган бул мекемелер өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.Мыйзамга ылайык, мамлекеттик бала бакчанын директору 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мөөнөт бүткөндөн кийин кызмат ордуна кайрадан ачык конкурс өткөрүлөт. Бир адис ошол эле бала бакчаны эки мөөнөттөн ашык, башкача айтканда, 10 жылдан көп жетектей албайт. “Ачык кеп” программасынын алкагында бала бакчага директорлорду шайлоонун жүрүшү, эрежеси, талабы жана жалпы өлкөдөгү бала бакчалардын абалы, иштөө системасы тууралуу баарлаштык.