Өлкөдө заманбап электромобилдик станциялар орнотулууда — кубаттуулугу жана баасы кандай?

Sputnik
"Чакан ГЭС" ачык акционердик коому өлкөдө электромобилдер үчүн алгачкы ири заряддоо станцияларын куруу иштерин баштады. Быйыл жалпы 10 станция куруу пландалган. Учурда Кемин шаарында алты станция орнотулуп, Бишкек — Торугарт жолунун бойунда иштеп жатат. Ал эми Кара-Көлдө дагы төрт станция курууга даярдыктар жүрүүдө. Кубаттоочу станциялардын кубаттуулугу 80 кВтды түзүп, 1 кВт·саат электр энергиясынын баасы 13 сом 50 тыйындан белгиленген. Станциялар заманбап технология менен жабдылып, айдоочулар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды сунуштайт. Келерки жылы мындай станциялар Ош, Манас, Токтогул, Өзгөн жана башка аймактарга жайылтылат. Мындан тышкары, 2026-жылы заряддоо станцияларын чыгаруучу завод да ишке киргизилет деп пландалууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКнын өкүлдөрү билдиришти.