Радио

Джетыбаев: жол кире төлөбөгөндөрдү аныктаган кызматкерлерге кол салгандар бар

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин коомдук транспорт чөйрөсүндөгү иш-аракетти инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Джетыбаев жыл башынан бери жол кире төлөбөй койгон 281 жүргүнчүгө айып салынганын билдирди.
Sputnik
Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире төлөбөй койгон жүргүнчүлөр көп кездешет. Бул тууралуу Азамат Джетыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аларды аныктаганда айрымдары ызаланып кызматкерлерге кол салышат.
"Автобустарда жол кире төлөбөгөндөр абдан көп. Башында аларды аныктаган рейдге өзүбүз эле чыгып жаттык. Коомдук транспортто ар кандай адамдар кезигет экен. Мастар жүрөт. Биздин кызматкерлер үчүн кооптуу кырдаалдар көп болду. Жол кире төлөбөгөндөр контролерго кол салып, сабап кеткен учурлар да бар. Жалпы ушундай 5-6 учур катталды. Мен өзүм эле эки окуяга күбө болдум. Азыр рейдге "Тулпардын" жана биздин кызматкерлер бирге чыгып жатат. Ал эми милиция кызматкерлери айрым учурда кошо чыгышат, өздөрүнүн жумушу көбөйүп кетсе чыга албай калышат", — деди Джетыбаев.
Ошондой эле ал мыйзам боюнча муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынарын кошумчалады.