Кыргызстан аймактык хаб болууга умтулат. Жапаров АӨБ президенти менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров ага өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын айтып берген. Айрыкча өлкөнүн региондук хаб болуусуна өбөлгө болчу транспорттук долбоорлорго көңүл бурганы белгиленди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды

2 / 3

Жапаров ага өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын айтып берген

3 / 3

Айрыкча өлкөнүн региондук хаб болуусуна өбөлгө болчу транспорттук долбоорлорго көңүл бурганы белгиленди

Өз кезегинде Масато Канда ал жетектеген каржы уюму жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармагындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастаган.
Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Эмне сөз болду