БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча 28 пунктудан турган планды жактырганын NBC телеканалы Ак үйдөгү жогорку кызматта иштеген аткаминерге таянып жазды.
"Трамп ушул жумада Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотуу боюнча 28 пунктудан турган планды жактырды. Сунуш ызы-чуусуз эле администрациянын жооптуу кызматкерлери менен Россиянын өкүлү Кирилл Дмитриев жана украин аткаминерлери тарабынан иштелип чыккан", — деди телеканал.
Буга чейин Вашингтон Москва менен украин жаңжалын токтотуу боюнча жаңы пландын тегерегинде купуя сүйлөшүп жатканы айтылган. Маалыматта сунуш 28 пунктудан турары, анда Вашингтогдун Крым менен Донбассты Россиянын аймагы катары таанышы, Киевге америкалык аскердик жардамдын кыскарышы, орус тилине жана православдык чиркөөгө расмий макам берүү, ошондой эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын азайтуу каралган.
NBC планды АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф, вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер иштеп чыкканын жазды.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эс нерсе кошулбаганын билдирди.