БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батышына салынып жаткан "Азаттык арена" футбол стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн. Калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт.
"Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат. Стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо, ички жана тышкы инфраструктураны куруу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Стадион 51 миң орунга ылайыкталган, анда эл аралык ири турнирлерди өткөрсө болот, ФИФАнын стандарттарына жооп берет.
Спорттук имараттын курамында 40 миң чарчы метр соода аянты да каралган. Ага дүйнөлүк бренддерди саткан дүкөндөр жайгашат. Түшкөн акча стадиондун керектөөлөрүнө жумшалат.