БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо күч алганын, мындан улам ооруну алдын алуу зарылдыгын эскертти.
Маалыматта ушу тапта Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 565 бейтап дарыланып жатканы айтылган. Имарат 500 адамга ылайыкталгандыктан, 65 бейтап коридорлордо жатканын аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева билдирди.
"Бизге кайрылгандардын саны бир суткада кескин көйбөйүп кетти. Азыр дарыланып жаткан 565 адамдын 510у — балдар. Кайра жандандыруу бөлүмүндө КРВИ менен ооруган сегиз бейтап жатат", — деген дарыгер "Ала-Тоо 24" каналындагы маегинде.
Эскерте кетсек, министрлик бир жума мурун Бишкек жана Ош шаарларынан алынган үлгүлөрдөн А/H3N2 (сезондук сасык тумоонун бир түрү) жана грипптин В-1 түрү аныкталганын билдирген.
Сасык тумоо коңшу Казакстанда дагы күчөп, айрым мектептер онлайн-окууга өткөнүн Sputnik Казакстан жазууда. Өткөн аптада КРВИ менен ооруган 183 миң казакстандыктын 66 пайызы балдар болгон.