50 млн. токен жүгүртүүгө чыкты. Кыргызстан улуттук стейблкоинди ишке киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстан алтын менен камсыздалган улуттук USDKG стейблкоинин расмий ишке киргизип, аземге Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга караганда, Tron блокчейн түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токени жүгүртүүгө чыккан. Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, алтын менен толук камсыздалган.
1 / 3

Кыргызстан алтын менен камсыздалган улуттук USDKG стейблкоинин расмий ишке киргизип, аземге Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Кабарга караганда, Tron блокчейн түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токени жүгүртүүгө чыккан

3 / 3

Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, алтын менен толук камсыздалган

"Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү аркылуу каржылык инновацияларга болгон ишеним бекемделет жана санариптик инструменттер материалдык камсыздоого ээ болуп, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кыла аларын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
USDKG — бул Кыргызстан тарабынан колдоого алынган биринчи улуттук санариптик актив, ал алтын жана блокчейн технологияларын айкалыштыра турганы белгиленген.
Жапаровдун төрагалыгында Виртуалдык активдерди өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү