Көрүнүктүү инсандарга эстелик орнотулат. Комиссиянын тизмесине кимдер кирди?

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Ынтымак ордодо" өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Минкабдын төрага орун басары Эдил Байсалов жетекчилик кылган жыйында билим берүү мекемелерине ысымдарды ыйгаруу, эстеликтерди жана мемориалдык такталарды орнотуу боюнча жалпы 21 сунуш кароого коюлган.
"Комиссия Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков, Сооронбай Жусуев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев, Муса Жалил, хирург Шамшидин Суеркулов, Кыргыз эл артисти Бообек Ибраев жана башка көрүнүктүү ишмерлердин ысымдарын ыйгаруу жана эстеликтерин орнотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Скульптор: эстеликтер комиссиянын кароосунан кийин гана орнотулушу керек