БИШКЕК, 20-ноя. —Sputnik. Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын бүгүнкү мелдешинде кыргызстандык спортчулар үч алтын жана үч коло медаль утту.
Мелдеште алгач медалды эркектер арасында эркин күрөш боюнча Абдымалик Карачов (57 кг) алтынга татыды. Балбан финалда азербайжандык Ислам Базаргановду утту.
Андан соң эстафетаны кыздар улантты.
Экинчи алтын байгени Мээрим Жуманазарова алды. Ал атаандашы өзбекстандык Светлана Окназарова менен беттешип, утуп алды. Спортчу килемге 68 кг салмакта чыккан.
Кыргызстандын байге куржунуна дагы бир алтынды бул күндүн эсебинен үчүнчү болуп Айпери Медет кызы салды. Спортчу 76 килограмм категорияда беттешип, нигериялык атаандашы Дамола Ожону 11:00 менен жеңди. Эске салсак, Айпери Ислам оюндарында экинчи ирет биринчиликти алып отурат.
Ошондой эле эркин күрөштөн Билол Шарип уулу коло медаль тагынды. Ал таймашка 65 кг салмакта дагестан балбаны Алибег Алибеговго каршы чыгып, 10:00 менен утту.
Мындан тышкары, жиу-житсучулар Ислам оюндарынан эки коло медалга жетти. Абдурахман Муртазалиев — 85, Руслан Сагдеев 94 кг салмакта чыккан.
Ислам оюндары Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында 21-ноябрга чейин уланат. Буга чейин Акжол Махмудов алтын, Раззак Бейшекеев менен Асан Жанышов коло медаль утушкан.