БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкекте интим кызматын уюштурган жашыруун топтун ишмердүүлүгү токтотулганын шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар кымбат мейманканаларда 300-1000 долларга чейин акы алып, интим кызматын көрсөтүп келишкен. Кардарларды мессенжердеги жабык тайпалар аркылуу тартышканы айтылат. Ага кошулуу үчүн алдын ала акча төлөнгөн.
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
"Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери текшерип көрүү үчүн мессенжер аркылуу кыздарды чакырышкан. Менеджер жөнөткөн кыздар келгенден кийин акча төлөп, сатып алуусу жүргүзүлгөндөн кийин кармашкан. Менеджер менен кошкондо 22, 24 жана 28 жаштагы төрт кыз кармалды", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" беренеси менен иш козголуп, айып салынган.