21-ноябрга карата аба ырайы

21-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 21-ноябрь, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +4...+9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +15…+17, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.
Радио
Джетыбаев: жол кире төлөбөгөндөрдү аныктаган кызматкерлерге кол салгандар бар