Кыргызстан алтын менен камсыздалган улуттук USDKG стейблкоинин расмий ишке киргизип, аземге Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, Tron блокчейн түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токени жүгүртүүгө чыккан. Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, алтын менен толук камсыздалган."Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү аркылуу каржылык инновацияларга болгон ишеним бекемделет жана санариптик инструменттер материалдык камсыздоого ээ болуп, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кыла аларын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта. USDKG — бул Кыргызстан тарабынан колдоого алынган биринчи улуттук санариптик актив, ал алтын жана блокчейн технологияларын айкалыштыра турганы белгиленген.
Алгач бүтөйүн, эгер жаман болуп калды десеңер, кайра жасап берейин. Бул тууралуу ишкер Нариман Түлеев "Айчүрөк" соода борборунун капталында жүрүп жаткан реконструкциялык иштер тууралуу маалымат берип жатканда айтты. "Мен биринчи бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап коюптур десеңер, кайра жасап берейин. 350-400 метрдей жерди көрктөндүрүү үчүн көп нерсе алып келдим. Бул аймакты силерге Кыргызстандын Монте-Карлосу кылып берейин. Астын өзүнчө эле шаар кылдык. Кичине тынчтанып, дагы бир-эки ай чыдап койгула. Бүткөндөн кийин Бишкектин тургундары ушул жерде күнү-түнү сейилдейт", — деди ишкер.
Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу, мектептерге карантин кирбейт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Билим берүү башкармалыгы окуучулар сезондук курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооруп жатышканын, калаада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин айтты. Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо күчөп жатканын айтып, ооруну алдын алууга чакырган. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 565 бейтап дарыланып жатканын, анын 510у балдар экенин маалымдаган болчу.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине чет өлкөлөрдөн 200дөй студент мыйзамсыз которулганы аныкталып, кафедранын доценти шектүү катары кармалганын УКМК билдирди. "КМТУнун айрым окутуучулары студенттерге жасалма академиялык маалым каттарды жана чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлардын транскрипттерин берип турушкан. Анын негизинде 200дөй адам окуу жайга мыйзамсыз которулган", — деп айтылат кабарда. Иликтөөнүн жүрүшүндө доцент кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизген. Учурда тергөө уланып, мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка тараптар аныкталууда.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 75 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 21-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +4...+9, градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +15…+17, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.