Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо күч алганын, мындан улам ооруну алдын алуу зарылдыгын эскертти. Маалыматта ушу тапта Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 565 бейтап дарыланып жатканы айтылган. Имарат 500 адамга ылайыкталгандыктан, 65 бейтап коридорлордо жатканын аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева билдирди. "Бизге кайрылгандардын саны бир суткада кескин көйбөйүп кетти. Азыр дарыланып жаткан 565 адамдын 510у — балдар. Кайра жандандыруу бөлүмүндө курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган сегиз бейтап жатат", — деген дарыгер.Сасык тумоо коңшу Казакстанда дагы күчөп, айрым мектептер онлайн-окууга өткөнүн Sputnik Казакстан жазууда. Өткөн аптада курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган 183 миң казакстандыктын 66 пайызы балдар болгон.
"Бишкектин вице-мэримин" дегендерге 5,5 миллион сомун алдатканын айтып, тургун милицияга кайрылган. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Иштин жайын иликтей келгенде, шылуундар жабырлануучуга Бишкектин жетекчилеринин бири катары чалып, кайырмакка илген. Жалган вице-мэр анын "мэриянын кызматкерине" байланышуусу керектигин айтат.Кийинчерээк чалгандар өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырат. Алар жабырлануучунун эсебиндеги каражат "террорчулукту каржылоого которулганын" айтып, акчаны "коопсуз эсепке" которууну сунушташкан. Акча алар айткан эсепке түшкөндөн кийин байланышты үзүшкөн. Факт боюнча иш козголуп, шылуундарга банк картасын сатып жиберген делип 24 жаштагы жана 21 жаштагы эки жигит, баш-аягы үчөө кармалып, камакка алынган.
Бишкектин түштүк-батышына салынып жаткан "Азаттык арена" футбол стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн. Калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. "Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат. Стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо, ички жана тышкы инфраструктураны куруу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта. Стадион 51 миң орунга ылайыкталган, анда эл аралык ири турнирлерди өткөрсө болот, ФИФАнын стандарттарына жооп берет.
Европалык адистер Украинадагы "Антироссия" долбоору кыйрай турганын эскертип жатышат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргенин РИА Новости жазды. "Европанын алдыңкы мамлекеттеринин тышкы саясат жана аскердик ведомстволорунун эксперттери Батыш Украинада түзгөн "Антироссия" долбоору кыйрап жатканын айтып коңгуроо кагышууда. Жогору жактарга жөнөтүлгөн докладдарда Киев режими акыры кыйрай турганы ачык эле айтылууда", — деп белгиленет маалыматта. Анда Брюссель чет жактан келген жардамды соруп жаткан Укринадагы ири коррупцияга чоң көңүл буруп жатканы көрсөтүлгөн. Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, европалык лидерлер жана биримдиктин жетекчилиги Киев режимин колдоо үчүн бөлүнгөн жүз миллиарддаган евронун кумга сиңген суудай жок болгонун кабыл ала албай жатышат.