Эмне себептен социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлдү?

Sputnik
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагындагы базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде социалдык маанилүү товарлардын баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады. “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында эмне себептен социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлгөнү жана тынчсызданууга кандай себептер бардыгы тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын талдоо, отчеттуулук жана Евразия Экономикалык Комиссиясы менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Джусупбекова жооп берди.