Бишкекте жол кире төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүп, күн сайын кеминде 10 жүргүнчүгө протокол түзүлүп жатканын мэриядан билдиришти. Мыйзам боюнча муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат. Жол кире төлобөгөн адамдарды аныктоо иши кандай жүрүп жатканы тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин коомдук транспорт чөйрөсүндөгү иш-аракетти инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Джетыбаев айтып берди.