Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун орчундуу учурлары булар: жолугушууда саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды; Жапаров темир, кара жолдорду курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ар кыл тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи; көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбордук Азия — Кытай" форматында чыңдалышын айтты; тышкы иштер министри Жапаровго Кытай лидери Си Цзиньпиндин жылуу саламын жолдоду; Ван И Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи. Эске салсак, Ван И бүгүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынына катышуу үчүн келген.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын студенттери Россиянын театралдык искусство институнун (ГИТИС) Окуу театрында "Аюу" спектаклин көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган окуу жай маалымдады.Билдирүүгө ылайык, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн VIII "ГИТИС — мастер-класс" деп аталган фестивалы өтүүдө. Ага кыргызстандык актер-студенттер Антон Чеховдун чыгармасынын негизинде спектакль даярдап барышкан. Спектаклдин эскизин ГИТИСтин бүтүрүүчүсү Евгения Тодорова жайда өткөн "ГИТИСFEST: Театральное Приволжье" эл аралык фестивалында кыргызстандык студенттер менен биргеликте түзгөн. Кыргыз улуттук укадемиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын студенттери бул эмгекти жактырып, эскизди толук кандуу театрдык долбоор катары иштеп чыгышкан.
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Бокс боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты. 16-ноябрда Индиянын Чоң Нойда шаарында башталган мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчу 60 кг салмак категориясындагы беттешин чейрек финалдан баштады. Биринчисинде польшалык мушкерди жеңип алган. Ал эми жарым финалда англиялык спортчу Уильям Дэвид Хьюитти утту. Эми алдыда алтын медаль үчүн индиялык мушкер менен күч сынашат. Бокс боюнча World Boxing Cup 2025 дүйнө кубогунун финалдык баскычына 18 мамлекеттен 130 спортчу катышууда. Турнирдин алкагында байгенин 20 комплектиси ойнотулат. Азыркы этап World Boxing Cup 2025 сезонунун акыркысы. Буга чейин эки баскыч Бразилия менен Казакстанда өткөн. Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылы өткөн Париж Олимпиадасында күмүш байге алып, аты чыккан.
АКШнын абалды жөнгө салуу боюнча жаңы планына ылайык, Украина НАТОго кошулуу оюнан кеминде бир нече жылга баш тартышы керек. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге таянуу менен жазды. "Украина Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуп кирүү ниетинен жок эле дегенде бир нече жылга баш тартууга макул болушу керек", — деп айтылат макалада. Басылма маектештеринин сөзүн келтирип, план АКШ президенти Дональд Трамптын жардамчыларына тараптарды кепке келүүгө шыктандыра турган жаңы стимулдарды иштеп чыгууну тапшыргандан кийин иштелип чыкканын белгиледи.