БА жана Азербайжан лидерлеринин кеңешмеси. Чөлкөмдү кандай өзгөрүүлөр күтүүдө?

Sputnik
16-ноябрда Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жыйыны өттү. Ага эми азербайжан дагы мүчө. Кошуна өлкөлөрдүн келечегин бирге талкуулоочу бул жалгыз аянтча эмес жана соңку учурларда дембе-дем жолугушууларды өткөрүп, маселелерге бирдиктүү көз карашта мамиле кылуу, социалдык кадамдарды жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен чечүү сыяктуу маселелер көтөрүлө баштады.
Дүйнөлүк саясатта өзгөчө орду бар Борбордук Азия мамлекеттеринин бул кадамдары эмнеге алып барат? Чөлкөмдө тарыхтын жаңы баракчасы ачылганы турабы? Маданий, гуманитардык жана чек аралык маселелерден сырткары өлкөлөр экономикалык жактан узак мөөнөттүү кандай долбоорлорду ишке ашырса болот?
Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Күн башаттын” алкагында жооп бергенге аракеттенебиз.