Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Мамлкекет башчы Садыр Жапаров Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды Президент Жапаров темир, кара жолдорду курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ар кыл тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи. Ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбордук Азия — Кытай" форматында чыңдалышына басым кылды Кытайдын тышкы иштер министри Жапаровго Кытай лидери Си Цзиньпиндин жылуу саламын жолдоп, өлкөдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев инвесторлор чыгыш жана батыш айланма жолдорун курууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Калаа башчысы шаардын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү үчүн иштелип чыккан негизги документ тууралуу суроолорго жооп берип жатып, бүгүн эле инвесторлор менен жолукканын, алар шаар үчүн маанилүү болгон айланма жолдордун курулушун баштоого даяр экенин айтышканын белгиледи. Жунушалиев Бишкектин бардык көйгөйүн жаңы башкы планга камтып чечип койгудай, ал документ панацея эмес экенин айтты. "Абанын булганышы боюнча Бишкектин көчөлөрүнөн маршруткалар алынганы менен натыйжа чыккан жок деп жатышат. Буга кошулбайм. Абанын булганышы боюнча өзүнчө пландар бар. Абанын кирдешине транспорт 45 пайызга таасир берип жатканы аныкталган. Катализатор жана башка нерселер каралбаган болсо, экологияга мындан да көп зыяны болмок", — деди Жунушалиев. Мэрдин айтымында, башкы пландын долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту даярдап жатат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 ай ичинде жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын алкагында жалпы 108 миллион 816 миң сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгү социалдык жана экономикалык мааниси жогору болгон камсыздандыруу учурларына туура келет.Алсак, ОСАГО боюнча — 618 жаранга жалпы 57 миллион 222 миң сом төлөнгөн. Бул автоунааларды камсыздандыруунун калк үчүн канчалык маанилүү экенин жана жол кырсыгы болгондо реалдуу колдоо көрсөтөрүн айгинелейт.Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча — 223 жаранга 27 миллион 908 миң сом берилип, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү уюмдун негизги багыттарынын бири бойдон калууда.Өрт кырсыктарына байланыштуу — 132 жаранга 24 миллион 927 миң сом кенемте төлөндү. Өрт — чыгымы көп, оор кырсыктардын бири. Ушундан улам, уюм жарандардын турмуштук туруктуулугун калыбына келтирүүгө активдүү салым кошуп келет.Жогорудагы төлөмдөргө кошумча, башка камсыздандыруу учурлары боюнча да чыгымдар төлөнүп берилген.