Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырымы бүтүп калды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырым аралыгында жол куруу иштери соңуна чыгып калганын Транспорт министрлигинен билдиришти.
Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, туурасы 17,6 метрди түзгөнү белгиленген.
1 / 3

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырым аралыгында жол куруу иштери соңуна чыгып калганын Транспорт министрлигинен билдиришти

2 / 3

Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, туурасы 17,6 метрди түзгөнү белгиленген

3 / 3

Эске салсак, жолдун реконструкциясы 2021-жылы башталган. Балыкчы — Бөкөнбаев участогунун узундугу 141 чакырымды түзөт, Караколго чейин 220 чакырымдан ашат

"Коопсуздукту камсыздоо максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, сызыктар чийилди. Мындан тышкары, суу өткөрүүчү 36 түтүк жаткырылып, ири үч көпүрө жаңыланды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жолдун реконструкциясы 2021-жылы башталган. Балыкчы — Бөкөнбаев участогунун узундугу 141 чакырымды түзөт, Караколго чейин 220 чакырымдан ашат.
Бишкекте түштүк айланма жол кайсы жерлерден өтөт. Башкы пландын долбоору