БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эмне сөз болду:
жолугушууда саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды;
Жапаров темир, кара жолдорду курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ар кыл тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи;
көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбордук Азия — Кытай" форматында чыңдалышын айтты;
тышкы иштер министри Жапаровго Кытай лидери Си Цзиньпиндин жылуу саламын жолдоду;
Ван И Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.
Эске салсак, Ван И бүгүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынына катышуу үчүн келген.