БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Социалдык отун базалары үчүн бөлүнгөн арзан көмүрдү коммерциялык базаларга кымбат баада саткан схема аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай мыйзамсыз аракеттин айынан социалдык базаларда көмүр жетишпей, жасалма тартыштык пайда болгон. Натыйжада эл дүрбөлөңгө түшүп, көмүрдүн баасы көтөрүлүп, коомдо нааразычылык жаралган.
Схема төмөнкүдөй болгон:
айрым оор жүк ташуучу унаа айдагандар көмүрдү социалдык базага деп жүктөп чыгып, Бишкекке келгенде коммерциялык жайларга түшүрүп кымбат сатышкан. Ортодон социалдык базалар менен сүйлөшүп, көмүрдү аларга төккөнүн далилдеген ишеним кат алышкан;
айрым социалдык база иштеткендер арзан келген көмүрдү толугу менен элге сатпай, кесегин иргеп алып, коммерциялык отун базаларына чыгарып кетип кымбат сатышкан. Айрым учурда капка салып пайданы көбөйтүшкөн.
Учурда УКМК тергөөнү улантып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоодо.