БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Сталинграддын алдында 1942-жылдын 19-ноябрында болгон советтик аскерлердин контрчабуулун "жердеги тозок" деп аташкан.
Бул Жуков менен Васильев жашыруун иштеп чыккан "Уран" операциясы болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүн өзгөрткөн Кызыл армиянын чечүүчү чабуулу туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы баяндайт.
17-июлда башталган вермахттын чабуулу ноябрды ортолой барып солгундайт. 1942-жылдын 19-ноябрында күчтүү артиллериялык даярдыктан кийин Түштүк-Батыш жана Дон фронтторунун аскерлери немецтерге капысынан кол салат. Негизги сокку румын дивизиялары коргоп турган алсыз флангаларга тиет.
Генерал Николай Ватутинин башкаруусундагы Түштүк-Батыш фронтунун аскерлери биринчи эле күнү 25-35 чакырым алдыга жылат. Ал эми 22-ноябрда танкачылар мурдараак толугу менен өрттөнүп кеткен Калач шаарын ээлейт. 23-ноябрда Түштүк-Батыш жана Сталинград фронтторунун кол салуучу бөлүктөрү биригип, кысып кирип келет. Согуш отунун ичинде вермахттын 6-армиясы менен 4-танкалык армиясынын негизги күчтөрү, болжол менен 300 миңдей немец аскери жана офицерлери калып калган.
Жоокердик туруктуулукту шаарды коргогондор да, чабуулга катышкандар да көрсөтүшөт. Генерал Василий Чуйковдун каарман 62-армиясы Сталинград жеринин ар бир метри үчүн эң оор күндөрдө да артка чегинбей салгылашты. Чабуул операциясы да өзгөчө эрдикти талап кылды. Мисалы, 19 жаштагы сержант Василий Прокатов өз полку Дон дарыясынан өтүшү үчүн душмандын ок чачкан жердеги амбразураны денеси менен жаап, курман болот. Ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат.
Сталинград алдындагы кыйратуучу жеңилүүдө фашисттер 1,5 миллионго жакын адамын жоготуп, бул гитлерчилердин жылдызын жерге түшүрөт.