Миңдей салыкчыны жасалма интеллект алмаштырат. Шыкмаматов реформа тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жаңы жылдан баштап KEZET электрондук эсепке алуу модулу ишке кирет. Саамалыктын алкагында салык тескөөчүсүн жасалма интеллект алмаштырат. Аталган программа жарым жыл сыналат. Майдан баштап инспекторлордун штаты кыскартыла баштайт.
"Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бизде 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин миңге азайтылмакчы. Мындай масштабдуу кыскартуу көзөмөлдүн азайышына алып келбей тургандыгын белгилей кетүү керек", — деген кызматтын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Аткаминердин айтымында, реформанын жыйынтыгында Салык кызматы жазалоочу эмес, тейлөөчү сервиске айланат.
Радио
Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 21%ды түзөт