Радио

Скульптор: эстеликтер комиссиянын кароосунан кийин гана орнотулушу керек

Сүрөтчү, график жана скульптор Бообек Арыков эстеликтер жана айкелдер айрым учурда эмнеге начар чыгып калып жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө орнотулуп жаткан айкелдер менен эстеликтердин сапатынын төмөндөшү буйрутма ээлеринин койгон талаптарына байланыштуу болуп жатат. Мындай пикирин Бообек Арыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, скульпторлор өз ишин мыкты аткарууга аракет кылышат.
"Мен билгенден, азыркы жаш скульпторлор зээндүү, шыктуу. Учурда материалдардын түрү көп болгондуктанбы, айтор, жасаган эмгектери мыкты. Арасында акчага кызыгып, айкелдин сапатына көңүл бурбагандары да бар. Бирок шаарды көрктөндүрүүдө орнотулуп жаткан айкелдер менен эстеликтердин сапатынын начардыгы көп учурда буйрутма берген тараптардан көз каранды. Анткени алар бул тармакты жакшы түшүнбөйт, каражатты аз бөлүшөт. Анан ошол каражатка жараша сапатсыз эмгек жаралып калат. Негизи айкелдер, эстеликтер атайын комиссиянын кароосунан өткөндөн кийин гана орнотулушу керек", — деди Арыков.
Ал ошондой эле мындай сапатсыз эмгектер көбүнчө айыл жергесинде кездешерин кошумчалады.