БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир күн болсо да Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасын баштан кечиргендер, алардын туугандары жана "Блокадалык Ленинграддын тургуну" макамын алууга укуктуу жарандар изделүүдө.
Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу буга 2025-жылдын октябрында "Блокадалык Ленинграддын тургундары" уюмунун, Блокадачылардын эл аралык ассоциациясынын президенти Елена Тихомированын демилгеси жана РФ президенти Владимир Путиндин колдоосу менен Россияда кабыл алынган мыйзам себеп экенин билдирди.
Ага ылайык, "Блокадалык Ленинграддын тургуну" макамын алууга укуктуу жарандардын категориясы кеңейген. Документте курчоодо калган шаарда кеминде төрт ай жашоо талабы алып салынган. Эми аталган макамды 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокадада Ленинградда болгондор эле эмес, бир күн жүрүп калгандар да алууга укуктуу.
Мындай чечим тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана блокада апаатын баштан кечиргендердин эрдигин таанууга багытталган.
Бардык суроолор боюнча +996 555 83 44 51 телефонуна чалууга болот (Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов).