БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык киши менен чырдашкан кытайлык айдоочулар камакка алынганын шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, сот айыпталуучуларды кармоону мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, аларды 2026-жылдын 15-январына чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районунда "Чайна-Роуд" менен "Чжунзцы" деп аталган компаниялардын айдоочулары мушташып кеткенин милиция билдирген. Чатак Константиновка айылында болуп, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.