БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн жылына 110 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтык уюмунун (ЦАРЭС) форумунда сүйлөп, былтыр транспорт секторуна салынган инвестициянын көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзгөнүн, тармакты толук кандуу өнүктүрүү үчүн кошумча 1,65 миллиард доллар тартуу зарыл экенин белгилеген. Министрдин айтымында, бул каражат менен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"ЕАЭБдин маалыматы боюнча, акыркы төрт жыл ичинде жүктөрдүн ташылуусу 26 миллион тоннанын ордунa 44 миллион тоннага чейин өсүп, 82 пайызга көбөйдү. Биз 2030-жылга чейин бардык транспорт түрлөрү боюнча жалпы жүк ташуунун көлөмүн жылына кеминде 110 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз", — деген аткаминер.
Министр өлкөнүн логистикалык тутумун өнүктүрүүдө темир жол, авиация жана автоунаа транспорту сыяктуу бардык тармактарды камтый кетүү өтө маанилүү экенин кошумчалаган.