Касымалиев: быйыл алгачкы жарым жылдыкта 159 миң жумуш орду түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Мааламатка караганда, иш-чараны Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтык уюму (ЦАРЭС) уюштурууда.
Өкмөт башчынын иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн урунттуу учурлар:
экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 пайыздан жогору болуп жатат;
ушул жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10 пайызды түздү;
2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсе көбөйдү;
былтыр Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди;
быйыл биринчи жарым жылда 159 миң жумуш орду түзүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,9 эсеге көбөйдү;
2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 пайызга жогорулады.
Касымалиев: жаштар үчүн турак жай жеткиликтүү боло баштады