Министр Ибраев өлкөдө электр кубатынын тартыштыгы жок экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок экенин, болгону аны үнөмдөө зарыл экенин айтты.
Ал соцтармактагы билдирүүсүндө кышында адатка айлангандай эле электр кубаты чет жактан сатып алынарын жазган.
"Жылдагыдай эле кышында кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон импорт алып келебиз, элге болсо 1,37 сомдон беребиз. Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин мойнуна карыз болуп топтоло берет. Ошондуктан президент импортту азайткыла, энергияны үнөмдөп, келерки жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула деп тапшырма койду", — деди министр.
Ал ошондой эле келерки жылы тармак карыздан чыгып, кирешеге өтөрүн кошумчалады.
Жапаров: энергосистемабыз жомокко айланчу мезгил алыс эмес