Алай: 16 жаштагы өспүрүм айдап бараткан машина сайга кулап, бир бала көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Алай районунда (Ош облусу) өспүрүмдөр бараткан автоунаа жардан кулап, алардын бирөө каза тапты. Бул туурасында аталган облустун милициясы кабарлады.
Каргаша 16-ноябрда Таш-Кордо айылында болгон. Тартип сакчылардын айтымында, Toyota Camry автоунаасын айдап бараткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай калып, сайга кулаган.
Кырсыктын кесепетинен машинадагы 17 жаштагы жүргүнчү мүрт кетип, дагы төртөө Алай райондук ооруканасына түшкөн.
Ош — Бишкек жолунда 4 машина кагышып, эки адам каза болду. Видео