Пресс-борбор

Адис Бишкекти серүүн кармоонун ыкмасын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги каналдардын бою 15 метрлик жашыл аймак болуп корголуп, ал шаарды салкын кармап турууга көмөкчү болот. Бул туурасында Бишкектин башкы планын даярдоого көмөк көрсөтүп жаткан Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары Ирина Гришечкина Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.
Адис шаарды аралап аккан Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын, тагыраагы, каналдардын жээктерин экологиялык коридор катары сактоо зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, каналдардын бою 15 метрлик жашыл аймакка айланып, анда жөө жүргөндөр үчүн тротуар жана велосипед жолу курулат. Бул тилкелерде эч кандай курулушка уруксат берилбейт.
"Дарыялар жана каналдар Бишкектин микроклиматын кармап турууда чоң роль ойнойт. Жээгине тигилген бак-дарак абаны тазалап, шаарды салкындатууга жардам берет", — деди Гришечкина.
Эске салсак, 2050-жылга чейинки башкы пландын долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту даярдап жатат.
Бишкектин абасын тазалап, ыштан арылтуу жолдору. Жаңы башкы план